Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:12

ЖК комитети АКШ элчилигине келген жүк маселесин талкуулайт


Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети АКШ элчилигине келген 152 тонна жүк боюнча маселени жабык талкуулайт. Бул демилгени комитет мүчөсү Майрамкан Кадырбекова көтөрүп чыкты. Сунуштун негизинде депутаттар бул маселени талкуулап, УКМК, “Манас” аэропортунун коопсуздук бөлүмүнүн маалыматын угууну чечти.

Буга чейин "Дело №" гезити марттын соңунда эки ирет Украинанын авиакомпаниясына таандык учак менен Бишкектин “Манас” эл аралык аэропортуна белгисиз жүк келгенин жазган. Анда дипломатиялык макам менен келген жүк текшерүүгө алынбаганы айтылат. АКШнын элчилиги бул жүк Бишкекте курулуп жаткан элчиликтин жаңы имаратына керектүү материалдар экенин кабарлаган.

Буга карабай Орусиянын айрым маалымат каражаттары АКШ Кыргызстанда кезектеги ыңкылап өткөрүүгө даярданып жатат деп жазып чыккан. (BkA)

XS
SM
MD
LG