Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:00

Жумгалда жер көчкү түшкөн жол тазаланууда


Нарындын Жумгал районунда кечээ жер көчкү түшүп тосуп калган Арал - Миң-Куш жолу тазаланып жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, учурда министрликтин адистери жолду тазалап, бир тарапка ачышты. Түшкөн көчкүнүн көлөмү 460 миң куб метрди түзөт.

Адистер бул аймакта дагы жер көчкү түшүү коркунучу бар экенин эскертүүдө. (BkA)

XS
SM
MD
LG