Ушул күндөрү Кувейтте өтүп жаткан хоккей боюнча "Азия чакырыгы" кубогунун экинчи беттешинде Кыргызстандын улуттук курамасы Сингапур оюнчуларына 4:2 эсебинде утулду. Оюн 19-апрелде өттү. Беттештин 1-таймында командалар 1:1 эсебинде тең чыгышкан. Экинчи таймда Кыргызстандын дарбазасына жоопсуз эки шайба кирген. Үчүнчү таймда командалар бирден шайбаны атаандаш дарбазаларына узатып, беттеш 4:2 эсебинде Сингапур курамасынын пайдасына аяктаган.
Буга чейин "Азия чакырыгынын" биринчи беттешинде Кыргызстан Малайзия курамасын 6:5 эсебинде жеңип алган. 21-апрелде кыргыз хоккейчилери Оман командасы менен ойнойт.
"Азия чакырыгы" кубогунун оюндарына Кувейт, Малайзия, Кыргызстан, Оман, Индия жана Сингапур катышууда. Мелдештер 25-апрелге чейин уланат. Башкы олжонун ээси кийинки жылы "А" дивизионунда ойноого мүмкүнчүлүк алат. (ECh)