Линктер

шаршемби, 18-январь, 2017 Бишкек убактысы 14:39

Базар-Коргондо эки миңдей кожолук кооптуу абалда калууда


Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда сел коркунучунан улам 1700 кожолук кооптуу абалда калууда. Бул туурулуу бүгүн "Азаттыкка" райондун акими Таалайбек Долдоев билдирди. Анын айтымында, район аймагын аралап өткөн Кара-Үңкүр дарыясынын жээгинде жайгашкан калктуу конуштардагы 4 участокто коркунуч бар.

- Мындан сырткары 300 гектар айыл чарба жерлерин суу каптап кетиши ыктымал. ӨКМ бөлгөн техника жетишсиз болууда, - дейт Долдоев.

Өткөн аптада дарыядагы суунун көлөмү 124 куб метрден жогору болуп, ташкындоо чегине жеткен. Мындан улам Кызыл-Ай, Чын-Курулуш, Турпак-Коргон, Сейдикум айылдарында кооптуу абал түзүлгөн. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG