Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:00

Коргоо министрлиги: Орусия Ошко аскер база ачпайт


Бул тууралуу “Азаттыкка” коргоо министринин орун басары Замир Сүйөркулов билдирди. Анын айтымында, учурда эки өлкө ортосунда бул боюнча эч кандай келишим жок. Буга чейин “Взгляд” басылмасы расмий Москва Ошто аскер база ачууну мерчемдеп жатканын жазып чыккан. Андагы маалыматка ылайык, эки өлкөнүн Коргоо министрликтери мындай келишимге 2013-жылы кол койгону айтылган.

Сүйөркулов түштүктө аскерий база ачуу боюнча эч кандай келишимге кол коюлбаганын ырастап, басылманын жазганын төгүндөдү.

Учурда Орусиянын Кант шаарында аскерий базасы бар. Ал 2003-жылы ачылып, алгач он беш жылдык мөөнөткө келишим түзүлгөн. Аталган макулдашуу 2012-жылы 49 жылга узартылып, ага ылайык, Орусиянын Кыргызстандагы аскерий объектилери бирдиктүү аскер-аба базасына бириктирилген болчу. (BkA/AiT)

XS
SM
MD
LG