Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:38

Биометриялык каттоодон өткөндөр саны 66% болду


Кыргызстанда өзү тууралуу биометриялык маалымат тапшырган жарандардын саны 66% болду. Бул тууралуу бүгүн Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты. Бүгүнкү күндө каттоодон өткөндөрдүн жалпы саны боюнча Ош облусу алдыда келатат – 89%. Ал эми эң пассивдүү Жалал-Абад облусу болууда – 60%.

Жалпы республика боюнча биометриялык каттоого алынуучулардын саны 3 миллион 777 миң киши. Бүгүнкү күнгө карата 2 миллион 489 миңден ашууну, башкача айтканда 66% тапшырды.

Мыйзам боюнча өзү тууралуу биометриялык маалымат тапшырууга 16 жаштан улуу курактагы жарандардын баары милдеттүү.

Быйыл күзүндө өтө турган парламенттик шайлоодо добуш берүүгө биометриялык каттоодон өткөндөр гана катыша алат деген норманы караган мыйзам долбоору учурда Жогорку Кеңеште талкууланууда. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG