Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:39

Жамбылда мерт кеткендердин саны он алтыга жетти


Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кризистик абалдар боюнча башкармалыгынын башчысы Мухаммед Сваров билдирди. Анын айтымында, Оштон чыккан “Мерседес Бенц” үлгүсүндөгү кичи автобустун ичинде он жети жүргүнчү жана эки айдоочу болгон. Кырсыктан он беши мерт кетип, төртөө ооруканада. Алардын баары Кыргызстандын жарандары. Мындан сырткары кичи автобус менен кагышкан “Газел” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, казак жараны да каза тапты.

Сваров кошумчалагандай, учурда он эки адамдын тек-жайы аныкталды. Бүгүн автокырсыкта набыт кеткен кыргызстандыктардын сөөгүн мекенине алып келүү үчүн Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Казакстанга атайын унаа жиберди.

Кырсык 19-апрелде Казакстандын Жамбыл облусунун аймагында болгон. Кыргызстандыктар түшкөн кичи автобус Оштон Орусиянын Екатеринбург шаарына кетип бараткан. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG