Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:55

Люксембургда миграция кризиси талкууланат


Италиянын чек арачылары Жер Ортолук деңизинин түштүгүндөгү операция кезинде куткарган африкалык мигранттар. 6-сентябрь 2014.
Италиянын чек арачылары Жер Ортолук деңизинин түштүгүндөгү операция кезинде куткарган африкалык мигранттар. 6-сентябрь 2014.

Евробиримдиктин тышкы иштер министрлеринин бул жыйынга чогулуусуна Жер Ортолук деңизинде 700дөй мигрант түшкөн кайыктын чөгүп кеткени түрткү берди. Аны акыркы жылдардагы эң жаман кырсык деп атады француз президенти Франсуа Олланд 19-апрелде Париждин Canal+ телеканалына берген интервьюда:

- Кабар тастыкталса, Жер Ортолук деңизинде акыркы жылдардагы эң каргашалуу окуя болот. Бүгүн өтө жаман трагедия болду. Өткөн жумадагы трагедияда 400дөй адам өлгөн. Жыл башынан бери кырсык көбөйүүдө. Былтыр Жер Ортолук деңизде 400 адам жайран болгон эле.

Быйыл Европага башпаанек издегендер жана мигранттар болуп 35 000 адам ар кандай жолдор менен келген. 900дөй адам Европага жетпей өлгөн.

XS
SM
MD
LG