Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:13

Сомалиде БУУнун алты кызматкери жайран болду


"Аш-Шабааб" экстремисттик уюмунун башчысы Мухаммед Мухаммеддин башы үчүн Кения өкмөтү 215 миң доллар байге убада кылган жарнама. 2-апрель 2015
"Аш-Шабааб" экстремисттик уюмунун башчысы Мухаммед Мухаммеддин башы үчүн Кения өкмөтү 215 миң доллар байге убада кылган жарнама. 2-апрель 2015

"Бомба чабуулунда БУУнун алты кызматкери набыт болгону тастыкталды" деп билдирди 20-апрелде Гароуэ шаардык полициясынын өкүлү Абдулла Мухаммед. Бирок "Ройтерс" агенттиги башка полициячыга шилтеме жасап жардыруудан 9 адам, анын ичинде 2 кениялык жана сомалилик 7 күзөтчү курман болгонун кабарлады.

Бомба чабуулун ким уюштурганы азырынча белгисиз.

Сомалиде шариатка негизделген бийлик орнотууну көздөгөн “аш-Шабааб” экстремисттик тобу өкмөттүк мекемелерге жана чет элдик уюмдарга үзбөй кол салып турат. Алар өткөн жумада Могадишо шаарында өкмөттүк имараттарга чабуул жасаганда 10 адам өлгөн.

XS
SM
MD
LG