Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:26

“Формула-1” классындагы автожарыш Азербайжанда да өтөт


"Феррари" минген испаниялык Фернандо Алонсо Валенсия шаарында болгон "Формула-1" мелдешинде марага биринчи жетти. Испания. 24-июнь 2012
"Феррари" минген испаниялык Фернандо Алонсо Валенсия шаарында болгон "Формула-1" мелдешинде марага биринчи жетти. Испания. 24-июнь 2012

Бул жөнүндө “Formula One” эл аралык автожарыштарды уюштуруу дирекциясынын башкы директору Берни Экклстоун 19-апрелде билдирди. Батыш мамлекеттери жана адам укугун коргоочу уюмдар былтыр 30 активист, журналист жана оппозициячыл саясатчы абакка салынганын айтып, “Формула-1” жана 2015-жылкы Европанын Жайкы оюндарын Азербайжанда өткөрбөөгө чакырган эле. Камалгандардын ичинде “Азаттык” радиосунун кабарчысы Хадижа Ысмайылова жана күйөөсү да бар.

Экклстоундун айтышынча, Азербайжандын Гран-при байгеси үчүн мелдеш 2016-жылы болушу этимал. Азербайжандан башка да “Formula One” мелдешин өткөрүүгө Таиланд, Түштүк Африка Республикасы, Греция, Аргентина жана Мексика да талапкер болчу.

XS
SM
MD
LG