Линктер

жума, 31-март, 2017 Бишкек убактысы 05:07

Былтыр кылмыштуу топтордун 190 мүчөсү кармалган


Бул тууралуу коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди. Анын айтымында, кармалгандар өлкөдөгү төрт кылмыштуу топтун мүчөлөрү экени дайын болгон. Алар Камчы Көлбаев, Азиз Батукаев, Максат Абакиров жана Алмаз Бокушев түзгөн кылмыштуу топторунун мүчөлөрү.

Вице-премьер кошумчалагандай, жалпысынан өлкөдө кылмыштуу топтун мүчөсү делген 687 адам каттоого алынган.

ИИМ өлкөдө төрт кылмыштуу топ бар экенин бир нече жылдан бери айтып келет. Бирок мындай топторду түздү делген адамдардын бири да камакта эмес. (BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG