Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:04

HRW Азербайжан бийлигине кысым жасоого үндөдү


Human Rights Watch уюму эл аралык коомчулукту Азербайжанга кысым көрсөтүп, “өкмөттүн сынчыларын абактан бошоттурууну жана оппозицияны куугунтуктоону токтоттурууну” суранды. Уюм 20-апрелде жарыялаган видеокайрылууда соңку айларда көрүнүктүү активисттер, журналисттер камакка алынганы айтылат.

12-28-июнда Бакыда болчу Европа оюндарына 6000ден ашуун спортсмен келет.

Азербайжан өкмөтүнүн сынчылары эркиндикке чыкмайын Европа лидерлери Оюндун ачылыш салтанатына бийик мартабалуу делегация жөнөтпөсүн ачык шарданалашы керек дейт HRW. Саясый жүйө менен камалган активисттердин арасында Лейла Юнус жана күйөөсү, “Азаттыктын” кабарчысы Хадижа Исмаилова жана күйөөсү, адам укуктарын коргоочу адвокат Интигам Алиев, жаш активист Расул Жафаров бар. Еврокеңештин Адам укуктары боюнча комиссары Нилс Муйжниекс 20-апрелдеги билдирүүсүндө Лейла жана Ариф Юнустун иши Азербайжандагы саясый куугунтуктоонун бир үлгүсү деп белгиленет.

XS
SM
MD
LG