Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:14

Сирия оппозициясы Астанада сүйлөшкөндү каалайт


Сирия оппозициясы өлкөдөгү жарандык согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүнү Казакстанда өткөрүүнү президент Назарбаевден суранды. Мындай өтүнүч менен Сириянын кайсы күчтөрү кайрылганын Казакстандын тышкы иштер министрлиги маалымдабады. Министрликтин өкүлү Алтай Абибуллаевдин маалымдашынча, Сирия президенти Башар Асаддын өкмөтү да тынчтык сүйлөшүүсүнө өз өкүлдөрүн жибере алат жана Казакстан Тынчтык сүйлөшүүсүнүн Женева жана Москва форматын колдойт. Сирия өкмөтү жана байистүү Сирия оппозициясы ортосунда өткөн береги эки формат боюнча сүйлөшүү майнапсыз бүткөн.

XS
SM
MD
LG