Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:20

Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгеси талкууланат


Бүгүн Бишкекте “Конституциянын алсыздыгы –жарандардын алсыздыгы” деген аталышта тегерек үстөл болот. Уюштуруучулардын белгилегени боюнча анда келе жаткан парламенттик шайлоонун алдында Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу демилге тууралуу сөз козголот. Талкууга саясатчылар, саясат таануучулар, жарандык активисттер катышат.

Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө 2020-жылга чейин мораторий киргизилген. Акыркы убактарда башкаруучу коалициянын мүчөлөрү Конституцияга бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунушташууда.

Кыргызстандын Баш мыйзамы акыркы жолу 2010-жылы өзгөртүлүп, Элдик референдум аркылуу бекитилген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG