Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:35

Бишкекте парламенттик шайлоодогу исламдын ролу талкууга алынат


“Парламенттик шайлоодогу исламдын ролу” деп аталган тегерек үстөлгө ислам таануучулар, саясат талдоочулар, Президенттик аппараттын жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлдөрү катышат. Ошондой эле ислам дини, шайлоо боюнча эксперттер да чакырылган.

Айрым эл аралык уюмдар Борбор Азия регионунда тобокелдиктердин көбөйүшүнө "Ислам мамлекети" террордук тобунун коркунучу таасирин тийгизип жатканын айтып чыгышкан. Анын ичинде Кыргызстан эки ыңкылапты башынан өткөрүп, мамлекеттүүлүгүнө катуу доо кеткен өлкө катары бааланган.

Байкоочулар акыркы убактарда Кыргызстанда исламдын радикал агымдарынын ишмердүүлүгү күч алганын да белгилешүүдө.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG