Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:11

Крымдык ардагерлер Путинге кайрылышты


ATR, Lale телеканалдарынын жабылышына каршы митингге чыккандар. Симферепол. 31-март, 2015-жыл

ATR, Lale телеканалдарынын жабылышына каршы митингге чыккандар. Симферепол. 31-март, 2015-жыл

Крымдык ардагерлер АТR, Lale телеканалдарынын жана "Мейдан" радиосунун ишин жандантуу өтүнүчү менен Путинге кайрылышты. Ата Мекендик Согуштун катышуучулары жасаган кайрылууда крым татарлары 90-жылдары өз тилин, маданиятын жана салтын кыйынчылык менен калыбына келтиргени айтылат.

“10 жыл мурда крым татар тилинде ачылган телеканал, радионун жардамы менен биздин кийинки муун совет элинин фашизмди жеңген баатырдыгы тууралуу маалымат алып келген” деп белгилеген кайрылуу ээлери Орусия президентинен телеканалдын ишин кайра жандантып берүүсүн сурашкан.

1-апрелден тарта Крымдагы АТR телеканалы, “Мейдан” радиосу жана балдардын “Лале” телеканалы орусиялык лицензиясы жок деген негиз менен жабылган. Телеканалдын жетекчилиги лицензия алуу үчүн Роскомкөзөмөл органына бир нече жолу тиешелүү документтерин жиберген аракети түрдүү шылтоолор менен натыйжасыз калганын билдирип келет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG