Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:45

Шаардык кеңеште мэр Кулматовго каршы кол топтоо башталды


Бишкек шаардык кеңешинде калаа мэри Кубанычбек Кулматовго ишеним көрсөтпөө демилгеси менен кол топтоо жүрүп жатат. Демилгени оппозициядагы“Республика” фракциясынын мүчөсү Эрнис Докенов көтөрүп чыккан. Анын айтымында, мэр Кулматов өз милдеттерин так аткара албай, борбор калаанын маселелерин чече албай жатат. Докенов бул демилгени бир катар депутаттар колдоп жатканын айтканы менен, пикирлештеринин так санын айткан жок.

Кубанычбек Кулматов Бишкектин мэрлигине 2014-жылдын башында шайланган. Буга чейин да шаардык кеңеште мэр өз милдетин так аткарбай жатканы боюнча маселе көтөрүлүп, Кулматовдун дарегине сын айтылып келген. (BkA)

XS
SM
MD
LG