Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:15

Жалал-Абадда депутат Тумановго карата нааразылык чыгууда


Токтогул Туманов
Токтогул Туманов

Жалал-Абадда Жогорку Кеңештин депутаты Токтогул Туманов жана анын бир тууган иниси Келдибек Тумановго карата нааразылык пайда болууда. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Барпы айылдык кеңешинин депутаты Дөөлөтбек Эргешов кабарлады.

Эргешовдун айтымында, Барпы айылынын аймагында "Келечек" минерал булагы жайгашкан. Аны иштеткен "Келечек" фирмасын Келдибек Туманов жетектейт. Жергиликтүү кеңеш булакты айыл бийлигинин карамагына өткөрүү тууралуу чечим чыгарган, бирок "Келдибек Туманов ал жерди менчиктештирип алганын айтып, депутаттарды сотко берген".

Нааразы тарап Жалал-Абад шаарынын борбордук “Эркиндик” аянтында 25-апрель күнү пикет өткөрүп, өз талаптарын айтканы жатат. Алар Келдибек Тумановдун агасы депутат катары сотторго басым көрсөтүп жатат деп эсептейт.

Ал эми Тумановдор бул аракеттердин баары мыйзамсыз экенин айтууда.

Социал-демократтар партиясынан шайланган депутат Токтогул Туманов парламенттин Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитетин жетектейт. (RsK)

XS
SM
MD
LG