Кыргызстанда түрдүү нааразылык акциялардын саны азаюуда. Бул тууралуу бүгүн парламенттин мыйзамдуулук боюнча комитетинде маалымат берип жатып вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев билдирди. Анын айтымында, 2013-жылы 849 митинг өткөн болсо, былтыр 438 акция катталды.
Комитет мүчөлөрү өкмөттүн коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы ишин жалпысынан канааттандырарлык деп таап кабыл алды. (RK)