Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:31

Си Цзинпин: Кытай Пакистанды ар дайым колдойт


Кытайдын президенти Си Цзинпин жана Пакистандын премьер-министри Наваз Шариф. Исламбад, 20-апрель, 2015-жыл.

Кытайдын президенти Си Цзинпин жана Пакистандын премьер-министри Наваз Шариф. Исламбад, 20-апрель, 2015-жыл.

“Кытай Пакистанга керектүү учурда ар дайым жардам берип келген жана кытай эли мындан ары да пакистандыктарга жардам берүүгө даяр” деп билдирди Кытайдын президенти Си Цзинпин 20-апрелде Пакистандын парламентине кайрылуусунда.

Ал өз сөзүндө бир нече жолу “Ислам мамлекети” радикалдык тобунан тарап жаткан коркунучка басым жасады. Си Цзинпин Кытай менен Пакистанды бир көйгөй бириктирип турганын жана ага каршы чогуу күрөшүү керектигин кошумчалады.

Пакистанга эки күндүк сапар менен келген Си Цзинпин "Исламабаддын Кытайдын батыш чек арасындагы коопсуздукту сактоого кошкон салымын Бээжин эч качан унутпайт” деп белгиледи.

Дүйшөмбүдө Кытайдын лидери Си Цзинпин жана Пакистандын премьер-министри Наваз Шариф Бээжин каржылай турган жалпы суммасы 45 миллиард долларлык энергетикалык жана инфраструктуралык долбоор ишке киргенин жарыялашты.

Ошондой эле Исламабад жана Бээжин Кытай-Пакистан экономикалык коридорун куруу боюнча долбоорго кол коюшту. Бул соода жолу Кытайдын батышындагы Шыңжаң провинциясы менен Пакистандын түштүгүндөгү Гвадар портун бириктирмекчи.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG