Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:04

Медведев: Санкциялардан улам орус экономикасы 25 млрд доллар жоготту


Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев Мамлекеттик Думада сүйлөп жатат. 21-апрель, 2015.

Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев Мамлекеттик Думада сүйлөп жатат. 21-апрель, 2015.

Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев Батыш өлкөлөрү киргизген санкциялардан улам орус экономикасы 25 миллиард евро жоготууга учураганын жана быйыл бул сан бир нече эсе өсүшү мүмкүндүгүн билдирди.

Медведев бул тууралуу 21-апрелде Мамлекеттик Думада өкмөттүн иши тууралуу отчет берип жатып айтты.

Өкмөт башчы санкциялар экономиканын баардык тармактарына өз кедергисин тийгизгенин жана 2015-жылдын биринчи чейрегинде өлкөнүн ички дүң өнүмү эки пайыз төмөндөп кеткенин кошумчалады.

Байкоочулардын айтымында, орус экономикасы Москванын Крымды аннексиялап алышы жана Украинанын чыгышындагы козголоңчуларга көмөк көрсөткөнү үчүн Евробиримдик жана АКШ киргизген санкциялардан улам кыйла алсырады.

Медведев экономика стабилдүү болоорун айтып, бирок тышкы басым күчөп жана мунайга болгон баа узак мөөнөткө көтөрүлбөй калса Орусия "башка экономикалык реалдуулукка көнүшү керек болорун" билдирди.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG