Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:44

Камактагы Савченконун энеси дүйнө лидерлерине кайрылды


Орусияда камакка алынган украиналык учкуч Надежда Савченко. 17-апрель, 2015-жыл.
Орусияда камакка алынган украиналык учкуч Надежда Савченко. 17-апрель, 2015-жыл.

Орусияда камакка алынган украиналык учкуч Надежда Савченконун энеси дүйнө лидерлерине кайрылып, кызынын бошотулушу үчүн Владимир Путинге басым жасоону суранды.

Associated Press агенттигине курган маегинде Мария Савченко анын кызы саясий куугунтуктун курмандыгы экенин айтып ушул күнгө чейин тергөө эч кандай далилдерди көрсөтө албаганын кошумчалады.

Орусияда Надежда Савченко Украинанын чыгышындагы эки журналисттин өлүмүнө шектелип жана чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деп айыпталууда.

- Мен керек болсо сөздөрүмдү жеткириш үчүн дүйнөнү айланып чыгууга даярмын,- деп билдирди Мария Савченко.

Мурдараак ал атайын кат менен Орусиянын президенти Владимир Путинге, Германиянын канцлери Ангела Меркелге кызынын бошотулушуна көмөк көрсөтүүнү суранып кайрылган.

19-апрелде Мария Савченко Нью-Йоркто БУУдагы Орусиянын өкүлчүлүгүнүн имаратынын алдында өткөн кызын колдоо акциясына катышты. Бул иш-чарага жүздөн ашык адам чогулду.

Надежда Савченко өткөн жылдын жайынан бери Орусияда камакта. Ал тагылган айыптарды четке кагып, Украинанын чыгышындагы козголоңчулардын колуна түшүп калып, алар чек арадан мажбурлап өткөргөнүн айтып келет.

Өткөн жылдын декабрь айында Савченко ачкачылык жарыялап, сексен күн кармаган. 5-мартта ал доктурдун кеңеши менен ачкачылыкты жарым-жартылай токтотууга макул болгон. 16-мартта камак мөөнөтүн өзгөртүү талабы менен ачкачылык кармоону улантты.

Сот чечими менен февраль айында Савченконун камактагы мөөнөтү 13-майга чейин узартылган.

XS
SM
MD
LG