Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:34

Депутат Туманов дарегине айтылган дооматтарды четке какты


Жогорку Кеңештин депутаты Токтогул Туманов Сузак районунун Барпы айылынын тургундарынын дооматтарын четке какты. Депутаттын айтымында, бир тууганы Келдибек “Келечек" минерал булагын мыйзамдын негизинде лизенция алып иштетип келет. Ал сотторго басым жасап жатат деген барпылыктардын дооматын да чындыкка коошпойт деп кошумчалады.

Бүгүн Барпы айылынын айрым тургундары бир тууган Тумановдорго нааразылыгын билдирген. Барпы айылдык кеңешинин депутаты Дөөлөтбек Эргешовдун айтымында, Барпы айылынын аймагында "Келечек" минерал булагы жайгашкан. Аны иштеткен "Келечек" фирмасын Келдибек Туманов жетектейт. Жергиликтүү кеңеш булакты айыл бийлигинин карамагына өткөрүү тууралуу чечим чыгарган, бирок "Келдибек Туманов ал жерди менчиктештирип алганын айтып, депутаттарды сотко берген".

Нааразы тарап Жалал-Абад шаарынын борбордук “Эркиндик” аянтында 25-апрель күнү пикет өткөрүүнү мерчемдөөдө.

Социал-демократтар партиясынан шайланган депутат Токтогул Туманов парламенттин Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитетин жетектейт. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG