Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:48

Журналисттерди коргоо уюму Азербайжан менен Иранды цензурасы катаал он өлкөгө кошту


Уюмдун маалыматы боюнча Азербайжан сөз эркиндиги дээрлик жок деп эсептелген он өлкөнүн ичинде бешинчи, Иран жетинчи орунда турат. Бул өлкөлөрдө түрмөдө отурган журналисттердин саны арбын.

"Кара тизменин" башында Эритрея жана Түндүк Корея турат. Ошондой эле ага Сауд Арабия, Эфиопия, Вьетнам, Кытай, Мьянма жана Куба кирет. Бул өлкөлөрдөгү сөз эркиндиги тууралуу баяндама 27-апрелде жарыяланмакчы.

Журналисттерди коргоо уюму бул тизмени укук коргоочулардын иликтөөлөрүнө таянып түзгөн. Иликтөөлөрдө бийлик тарабынан репрессиялык мыйзамдардын кабыл алынышы, журналисттерди коркутуу жана камоолордон тартып, интернетке чектөө киргизүүгө чейин каралат.

XS
SM
MD
LG