Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:36

Бишкекте Кыргызстандын Евразиялык интеграцияга кошулуусу талкууга алынат


Almazbek Atambayev 2014

Almazbek Atambayev 2014

“Евразия экономикалык биримдигине жарым кадам: Кыргызстан интеграциянын маанилүү этабына эмне менен келди?” деген аталыштагы тегерек үстөл бүгүн Бишкекте болот. Анда экономика министри Темир Сариев баштаган экономисттер, адистер Кыргызстандын Бажы биримдигине, ЕАЭБге кирүүсүнөн өлкөгө кандай пайда жана зыян болоорун талкуулашат. Уюштуруучулардын белгилөөсү боюнча, тегерек үстөлдө министр Темир Сариев интеграцияга кирүүгө даярдыктар, келишимдердин мазмуну, талаштуу маселелердин тагдыры жана башка суроолорго жооп берет.

Адистер Кыргызстан Бажы биримдигине жана ЕАЭБге мүчө болору менен эле чек аралар кенен ачылбастыгын, Кыргызстанда өндүрүлгөн азык-зат жана башка товарларга Казакстан менен Орусиянын базарлары каалгасын ача койбостугун белгилешүүдө.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG