Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:34

Кыргызстандын карызы 3 млрд. 597,3 млн. доллар. Мунун ичинен 3 млрд. 387 миллиону тышкы карыз, калган 210,3 миллион доллар ички карыз болуп саналат. Бул сумма өлкөнүн ички дүң продукциясынын дээрлик жарымына, тагыраак айтканда, 49,8 пайызына барабар.

Каржы министрлигинин маалыматы боюнча Кыргызстан Кытайга эң көп карыз. Кытайдын Экспорт-импорт банкына Кыргызстандын бересеси 1 млрд. 115,8 млн. доллар. Андан кийин Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына 652,4 млн. доллар жана Азия өнүктүрүү банкына 565,5 млн. доллар карыз.

Ал эми ички карыздын ичинен эң көбү мамлекеттик облигацияларга байланыштуу жана мындагы карыз 138,9 млн. долларды түзөт.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG