Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:48

Кыргызстанда доллар кайрадан кымбаттоодо


21-апрель кечинде акча алмаштыруучу жайлар 1 АКШ долларын 60 сом 60 тыйындан сатып алып, кайра 61 сом 30 тыйындан сатып жатышты. Бул өткөн жума күнкү курска караганда дээрлик 2 сомго кымбат.

17-апрель күнү Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда 1 АКШ доллары 59 сом 40 тыйынга чейин түшкөн. Мындан улам Улуттук банк базардан 13,5 млн. доллар сатып алды. Адистер Улуттук банктын бул кадамы доллардын кунунун өсүшүнө түрткү болду деп белгилешүүдө.

16-апрель күнү 1 АКШ долларынын баасы 63 сом 50 тыйын болчу.

АКШ доллары өткөн жылдын октябрь айынан бери тездик менен өсүп отуруп, акыркы жарым жылдын ичинде 55 сомдон дээрлик 64 сомго чейин көтөрүлгөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG