Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:14

Караколдо спорт кызматкерлери нааразычылык акциясын өткөрүшөт


Бүгүн Ысык-Көл облустук спорт бөлүмүнүн башчысы Алим Малдыбековду кызматтан кетирүү талабы менен дубандагы спорт машыктыруучулары нааразычылык акциясына чыгат. Бул жөнүндө Каракол шаардык өспүрүмдөр спорт мектебинин жетекчиси Тилек Абдрахманов “Азаттыкка” билдирди. Ал спорт бөлүмүнүн башчысын “жылыга облустун спорт тармагына бөлүнчү 2 млн. сомду максатсыз пайдаланып жатат” деп айыптоодо. Мындан сырткары спорт мекемелеринен 60ка жакын кызматкерди мыйзамсыз иштен айдап, кадр саясатын туура эмес жүргүзүп жатат деген дооматтар да бар. Тилек Абдрахманов мындай нааразычылыкты облус боюнча спорт мекемелеринин жетекчилери жана машыктыруучулар колдоп жатканын, андыктан бүгүн Малдыбековдун кызматтан кетүүсүн талап кылышарын белгиледи.

Облустук спорт бөлүмүнүн башчысы Алим Малдыбеков бул боюнча азырынча комментарий бере элек.(ASa;ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG