Токмокто Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн аскерлеринин машыгуусу өтүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Коргоо министрлигинен кабарлышты. Аскерлер террорчулукка каршы күрөш боюнча машыгууда. Иш-чара 24-апрелде жыйынтыкталат.
Шанхай Кызматташтык Уюму 1996-жылы түзүлгөн. Ага Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан жана Тажикстан мүчө. Иран, Индия, Монголия, Пакистан жана Ооганстан байкоочу макамына ээ. (BkA)