Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:42

Ысык-Көлдө жол кырсыгы эки адамдын өмүрүн жалмады


Ысык-Көл районунда Балыкчы - Каракол унаа жолунун 120-чакырымында кечээ кечинде жол кырсыгы катталып, эки адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

“УАЗ” жана “Мерседес Гигант” үлгүсүндөгү автоунаалар сүзүшүп, “УАЗдын” ичиндеги 5 кишинин экөө мерт кетип, үчөө жараат алган.

Каза тапкандар Балыкчы шаарынын тургуну, 55 жаштагы Кубан Бейшеев жана Бостери айылынын тургуну, 60 жаштагы Расул Алжанбаев.

Жараат алган үч жаран учурда Чолпон-Ата шаардык ооруканасында жатат. Кырсыктын себептери териштирилүүдө. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG