Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:09

Кыргыз-тажик чек ара маселеси талкууланууда


Тажикстандын Исфара шаарында кыргыз-тажик чек арасын аныктоо боюнча эки тараптуу комиссиянын кезектеги отуруму өтүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Жолугушууга кыргыз тараптан топту өкмөттүн чек ара аймактарды өнүктүрүү жана чек араны делимитациялоо боюнча бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искендеров жетектеп барган. Жыйын ушул жума соңунда аяктайт.

Кыргыстан менен Тажикстандын чек арасы миң чакырымдай, анын 500 чакырымдан ашыгыраагы эки тараптуу такталган. Негизинен чек аранын калк жашабаган, тоолуу аймактары такталып, эл отурукташкан айылдардын айланасында иш бир топ убактан бери алга жылбай келет. (JsA)

XS
SM
MD
LG