Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:32

Кумтөр боюнча сунуш жөнөткөн Лорд Клэнвильям Бишкекке келди


“Центерранын” башкармалыгын алмаштыруу демилгеси менен өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевге кат жолдогон британ ишкери Лорд Клэнвильям Кыргызстанга келди. Мындай маалыматты «Кыргызалтын» ишканасынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Кылычбек Шакиров «Азаттыкка» тастыктады.

Ал өкмөт мүчөлөрү, депутаттар жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугары күтүлүүдө.

“Центерра голддун” директорлор кеңешине келе турган ыктымал жети талапкердин ким экени ар кандай түкшүмөл ойлорду жаратып, Кыргызстанда чоң талкууга жем таштаган. Ошого байланыштуу британиялык ишкерлер кыргыз бийлиги менен көзмө-көз сүйлөшөөрү айтылууда. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG