Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:46

"Талибан" жазгы чабуулга өтөрүн жарыялады


Кандагардагы жарылуудан кийин. 21-апрель, 2015-жыл.
Кандагардагы жарылуудан кийин. 21-апрель, 2015-жыл.

Медиага электрондук кат аркылуу таратылган билдирүүсүндө "Талибан" кыймылы жазгы операциясы 24-апрелде таңкы саат беште башталарын жарыялады.

Билдирүүдө айтылгандай, бул операция учурунда бутага негизинен “чет элдик окупанттар, өзгөчө алардын туруктуу базалары, "кол бала режимдин" расмий өкүлдөрү, аскерий топтору, чалгын кызматынын, ички иштер, коргоо министрликтеринин адамдары алынат”.

Чет элдик аскерлердин көбү былтыр жыл аягына карата чыгып кеткенден бери "Талибандын" согушкерлери менен азыр негизинен ооган коопсуздук күчтөрү өздөрү күрөшүүдө.

НАТОнун быйыл январдан тарта башталган жаңы миссиясы негизинен ооган күчтөрүн машыктырууну көздөйт. Анын алкагында Ооганстанда калган 12000 чет элдик аскердин 9800 америкалык жоокерлер. (UE)

XS
SM
MD
LG