Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:41

Мүлк фондунун кызматкерлерине кылмыш иш козголду


Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун бир катар кызматкерлерине кылмыш иш козголду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Алар мамлекеттик казынага ири суммада зыян келтирген деп шектелүүдө.

Маалыматка ылайык, “Баткенмунайгаз” ишканасы боюнча кытайлык «Чжуннен» компаниясы менен мамлекетке пайдасыз келишим түзүлүп, 803 миллион сомдон ашык зыян келтирилген. Буга байланыштуу Кылмыш кодексинин “кызмат абалынын аша чапкандык” беренеси боюнча иш козголуп, тергөө башталды. (BkA)

XS
SM
MD
LG