Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:33

Былтыр 18 өзбек жараны Кыргызстандан башпаанек сураган


Бул тууралуу Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Качкындар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Сарыбаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, башпаанек сурагандардын сегизи жаш балдар. Азырынча бирине да качкын макамы бериле элек. Мындай макамга ээ болгон соң алар үчүнчү өлкөгө чыгып кетет.

Эл аралык документтерге ылайык, качкындар чектеш мамлекетте жашабашы керек.

БУУнун Качкындар боюнча башкы комиссарынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча, Кыргызстанда 500гө чукул качкын жашайт.

Мындан сырткары Кыргызстанда жашап жаткан, бирок качкын статусун ала элек дагы 300дөй чет өлкөлүк бар экени айтылууда. Өлкөдө баш калкалап жүргөн жалпы 753 адамдын 500дөн ашыгы Ооганстандан. Андан кийин Сирия, Өзбекстан жана Ирандан келгендер турат.

Баш калкалагандар арасында Пакистан, Орусия, Сомали, Тажикстан, Кытай атуулдары да бар. (BkA/SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG