Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:11

Автокырсыкта каза болгон Оринбаевдер жерге берилди

Казакстандын Жамбыл облусунун аймагында болгон кырсыктан каза болгон 62 жаштагы Мажвуда Оринбаева, анын 34 жаштагы кызы жана үч небереси 21-апрелде кеч курун Ошто жерге берилди. 19-апрелде Алматы-Екатеринбург жолунда эки кичиунаа кагышып, он жети адам набыт кеткен, экөө ооруканада. Каза тапкандардын он алтысы Кыргызстандын жарандары болгон, арасында жаш балдар бар. Кыргызстандык жарандар отурган “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү спринтер автоунаасы Оштон Екатеринбургга бараткан.

Бул автокырсыкта набыт кеткендердин үй-бүлөлөрүнө жана жаракат алгандарга президент Алмазбек Атамбаевдин фондунан кечээ 1 млн. 800 миң сом бөлүндү.

"Азаттыктын" өзбек кызматы тарткан сүрөттөр.

XS
SM
MD
LG