Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:28

Диний экстремизм үчүн айыпталган 106 адам абакта


Бул тууралуу коопсуздук боюнча вице-премьер Абдырахман Маматалиев Жогорку Кеңеште билдирди. Анын айтымында, учурда Кыргызстанда диний экстремисттик агымдардын мүчөсү катары 1777 киши каттоодо турат. Алардын ичинен 1318 адам “Хизб ут-Тахрир” уюмунун, калгандары башка агымдардын мүчөлөрү.

Ал эми диний экстремизм жана террорчулукка айыпталган 106 адам өлкөдөгү абактарда жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

Маматалиев дүйнөдөгү коопсуздук маселеси курчуп баратканынан улам тартип коргоо органдары бул жаатта ишти активдештиргенин кошумчалады.

Расмий маалымат боюнча Кыргызстандан Сириядагы согушка катышуу үчүн 330га жакын адам жөнөп кеткен. Алардын ичинен 30дайы көз жумган.(BkA)

XS
SM
MD
LG