Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:24

Исламабад Пакистан-Кытай коридорунун коопсуздугун камсыздоону убада кылды


Пакистан - Кытай экономикалык коридорунун картасы
Пакистан - Кытай экономикалык коридорунун картасы

Маалыматтарга караганда, расмий Исламабад Пакистан–Кытай экономикалык коридорунун курулушуна тартылуучу кытайлыктардын коопсуздугун камсыздаш үчүн “атайын дивизия” түзүүнү убада кылды.

Ага кытай жумушчуларын кайтаруу милдети жүктөлөрүн Пакистан президенти Мамнун Хусейн Кытай президенти Си Цзинпин менен жолугушууда билдирген.

Кытай-Пакистан экономикалык коридорунун алкагында темир жана кара жолдорду, мунай жана газ түтүктөрүн курууну караган келишимдерге эки күн мурда Си Цзинпиндин Исламабаддагы сапары учурунда кол коюлду.

Долбоордун жалпы наркы 46 миллиард долларга бааланууда. Экономикалык коридор Пакистандын коогалуу Белужистан провинциясы аркылуу өтөт.

Пакистан медиасы кабарлагандай, экономикалык коридордун коопсуздугун камсыздоочу “атайын дивизияда” 12 000 аскер кызматчысы болот. (UE)

XS
SM
MD
LG