Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:56

Жамбылда мерт кеткен дагы бир кыргызстандыктын сөөгү алынып келинди


Жамбылдагы жол кырсыгында каза тапкан дагы бир кыргызстандыктын сөөгү мекенине алынып келинди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, кырсыктан жаракат алып, ооруканада көз жумган 22 жаштагы Рустамбек Дарбешовдин сөөгүн бүгүн эртең менен мекенине алып келишти.

Кырсык 19-апрелде Казакстандын Жамбыл облусунда болгон. Кыргызстандыктар түшкөн “Мерседес Бенц” үлгүсүндөгү кичи автобус Оштон Орусиянын Екатеринбург шаарына кетип бараткан. Ичинде он жети жүргүнчү жана эки айдоочу болгон.

Кырсыктан он алты адам мерт кетип, үчөө ооруканада. Баары Кыргызстандын жарандары.

Мындан сырткары кичи автобус менен кагышкан “Газел” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, казак жараны да каза тапкан. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG