Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:19

Канжар Кадыралиев камакка алына элек


Кылмышка шектелген мурдагы прокурор Канжар Кадыралиев Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алына элек. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жаза аткаруу кызматынан кабарлашты. Кызматтын маалыматына караганда, Жогорку Соттун чечими менен мурдагы прокурор аталган тергөө абагына киргизилиши керек болчу.

Ал эми Кадыралиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов "Азаттыкка" билдиргендей, айыпталуучу учурда Ош шаарында. Ал жакка ишин тергеп жаткан тергөөчүнүн чакыруусу менен барган.

Айткулов Жогорку Соттун бүгүнкү отуруму алардын катышуусуз өткөнүн айтып, чечим мыйзамсыз деп ырастоодо.

Бүгүн Жогорку Сот Кадыралиевди 26-майга чейин камакка алуу чечимин чыгарган.

Башкы прокуратура буга чейин Социал-демократтар фракциясынан депутат Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы Канжар Кадыралиевге карата бейбаштык, опузалоо жана өзүм билемдик боюнча кылмыш ишин козгоп, аны Ош шаардык прокуратурасындагы кызматынан бошоткон. Аны камакка алуу чечимине карабай Кадыралиев беш айга жакын качып жүрүп, март айында прокуратурага өз эрки менен келген эле. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG