Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:52

Евробиримдик “Газпромго” расмий айып такты


Биримдиктин антимонополдук мекемеси Орусиянын “Газпромун” бүгүн Чыгыш Европанын сегиз өлкөсүндө газ базарындагы үстөмдүк абалынан кыянат пайдаланган деп айыптады.

Мындай айыптоо бүгүн расмий түрдө эки жылдык иликтөөнүн соңунда коюлду.

Евробиримдиктин атаандаштык маселелери боюнча комиссары Маргрете Вестагер билдиргендей, «Газпром» Чыгыш жана Борбордук Европа мамлекеттеринде газ алардын биринен экинчисине өтүш үчүн жасалма тоскоолдуктарды жаратып, атаандаштыкка бөгөт кое алганы аныкталды.

Билдирүүдө ар бир өлкөнүн газ базарын өзүнчө кармоо «Газпромго» бааны жогорулатууга мүмкүндүк бергени да көргөзүлөт.

Орусиянын газ гигантын Евробиримдик өлкө экономикасы Батыштын санкцияларынын кесепетин сезип жаткан учурда айыптоодо.

«Газпром» Еврокомиссиянын айыптарына эми 12 апта ичинде жооп бере алат. (UE)

XS
SM
MD
LG