Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:48

Киевде шахтерлор демонстрацияга чыгышты


Шахтерлордун Киевдеги демонстрациясы. 22-апрель, 2015-жыл.
Шахтерлордун Киевдеги демонстрациясы. 22-апрель, 2015-жыл.

Киевде шейшемби күнкү нааразылык акциялары учурунда шахтерлор айлык акылар боюнча карыздар төлөнүшүн талап кылышты.

Мунун алдында кечээги курултайында украиналык шахтерлор өлкөнүн энергетика жана көмүр өнөр жайы министри Владимир Демчишиндин кызматтан алынуусун талап кылышкан. Ошондой эле өкмөттү көмүр казуу тармагына мамлекеттик колдоо көргөзүү үчүн бюджетке өзгөртүү киргизүүгө чакырышкан.

Мурдараак министр Демчишин Украинада өзүн-өзү актабаган үч шахта жакынкы аралыкта жабыларын билдирген болчу.

Украин бийликтери азыр өлкөдөгү 95 шахтанын 35 гана көзөмөлдөйт. Калгандары орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактарда жайгашкан.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, премьер-министр Арсений Яценюк бүгүн энергетика жана көмүр өнөр жай министринен тармакты реформалоо боюнча программаны тез арада киргизүүнү жана шахтерлорго тезинен 100 миллион гривен төлөп берүүнү тапшырды. (UE)

XS
SM
MD
LG