Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, Жамбылдагы автокырсыкта мерт кеткен төрт мекендештин жасаты салынган министрликтин унаасы 22-апрелде Кыргызстанга жол тартты. Маалыматка ылайык, учурда Казакстандын ооруканасында 39 жаштагы Абдиталип Абдыжапаровдун сөөгү калды, таанып-билүү иштери аяктаган соң, анын жасатын туугандары алып кетмекчи болушкан. Дагы бир жарандын тек-жайы азырынча белгисиз бойдон калууда.
Буга чейин кырсыкта набыт кеткен он кишинин сөөгү туугандарынын күчү менен апкелинген.
19-апрелде Жамбылдагы Алматы-Екатеринбург жолунда эки кичиунаа кагышып, он жети адам мерт кеткен. Алардын он алтысы Кыргызстандын жарандары. Үч киши ооруканада. ӨКМ алар тууралуу кеңири маалымат берди:
1. Сейитбеков Тайырбек, 1971-жылы туулган. Караганды облусунун Приозерск шаарындагы ооруканада. Абалы туруктуу.
2. Майрамбек уулу Самат, 1993-жылы туулган. Караганды облусунун Приозерск шаарындагы ооруканада. Абалы туруктуу, бирок оор.
3. Токторбаев Темирлан 1993-жылы туулган. Жамбыл облусунун Балхаш шаарындагы ооруканада. Абалы туруктуу, бирок оор.(ZKo)