Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:15

Крымда жарандык активист эки айга камалды


Симферополь соту крым татарларынын ATR телеканалынын оператору Искендер Небиевди эки айга абакка камоо чечимин чыгарды. Аны өткөн жылдын 26-февралында крым бийликтерине каршы митингге катышканы үчүн айыпташууда. Адвокат сот чечимине каршы арыз берилерин билдирди.

Искендер Небиев 20-апрелде Симферополдо кармалган. Күч кызматтары анын үйүн тинтүүгө алышты.

Өткөн жылы 26-февралда Симферополдогу парламенттин алдында эки митинг болгон. Бирөө Крымды Украинадан бөлбөөгө чакырган, экинчиси Орусияга кошулуу талабы менен. Эки тараптын кагылышында эки киши өлгөн. Бул иш боюнча ачылган кылмыш ишине сепаратизмге айыпталып, бир нече киши кармалган, алардын ичинде крым татарлары да бар.

Межилистин лидерлери жана укук коргоочулар крым татарларына каршы репрессиянын жаңы толкуну башталды деп белгилешүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG