Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:09

Кыргызстанда май майрамдарындагы дем алыш күндөр такталды


Эмгек, жаштар жана миграция министрлигинин тастыктоосу боюнча 1, 5, 9 жана 11-май дем алыш күндөрү болот. Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык, май айында үч майрам күн бар, 1-май Эмгек майрамы, 5-май Башмыйзам кабыл алынган күн жана 9-май Жеңиш күнү. Аталган берененин 3-бөлүгү боюнча 9-май майрам күнү дем алышка туура келгенине байланыштуу, эс алуу күнү 11-май, дүйшөмбүгө которулду. (ZKo)

XS
SM
MD
LG