Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:32

Баткенде коомдук коопсуздук акциясы өтүүдө


Баткен районунда бүгүн "Тартип бузууларды алдын алуу - биздин жалпы жоопкерчилик" деген ураан астында эки күндүк акция башталды. Иш-чара Ак-Сай жана Көк-Таш айылдарында өтөт. Аны Бириккен Улуттар Уюмунун маңзат жана кылмыштуулукка каршы башкармалыгы АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттиги менен бирге уюштурууда.

​Максат - аймакта жашаган элдин жашоо деңгээлин жогорулатуу үчүн тартип бузууларды алдын алуу.

Ак-Сай жана Көк-Таш айылдары кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан. Аталган аймакта коңшу республиканын жарандары менен катталган түрдүү чек ара жаңжалдарынан улам адам өмүрү жана мүлккө зыян тийген учурлар болгон. (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG