Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:19

“Түндүкэлектр” ишканасы боюнча кылмыш иш козголду


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы кызматы “Түндүкэлектр” компаниясындагы мыйзамсыз иштер боюнча кылмыш иш козгоду. Бул тууралуу аталган кызматтан кабарлашты. Маалыматка ылайык, компаниянын аймактагы бөлүмдөрүнүн жетекчилери колдонулган электр энергиясынын көрсөткүчтөрүн төмөндөтүү менен жоготууларды жашырып келген. Мунун айынан мамлекетке 33 миллион сомго жакын зыян келтирилген.

Бул факт боюнча кылмыш иш козголуп, тергөө жүрүп жатат. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG