Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:13

Экс-депутаттын уулу кырсыкка себепчи болду


Кыргызстанда жол кырсыктарынын саны азаймак түгүл көбөйүүдө
Кыргызстанда жол кырсыктарынын саны азаймак түгүл көбөйүүдө

Өткөн аптада эки жаштагы бала мас айдоочунун айынан каза болуп, кош бойлуу келин ооруканага түшкөн.

Эртең менен бала бакчадан чыгып келаткан эне-баланы коюп кеткен айдоочу Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шарапат Мажитованын уулу болуп чыкты.

Өзүн араң кармап сүйлөгөн Садык Акунбеков кырсыкта көз жумган наристенин атасы:

- Окуя 17-апрелде болду. Жолдон мен жумушуман түшүп калгам. Келинчегим кыздарымды бакчага алып кеткен. Ошондон жарым саат өтпөй мага таксисттер чала башташты. "Балаң шаардык ооруканада жатат, тез кел" дешти. Келинчегим эки кызымды бакчага берип, уулумду жетелеп чыкканда кырсык болуптур. Балам менен аялым эки машиненин ортосунда кыпчылып калган экен. Барсам балам реанимацияда жатып чарчап калыптыр. Аны жерге берип келдик. Келинчегим кош бойлуу эле. Аны менен алек болуп, шаардык төрөт үйүндө жүрөм.

Садык Акунбековдун эки кыздан кийин көргөн уулу Адилхан эми гана эки жашка толгон эле. Келинчеги Эркингүл Таабалдиеванын боюнан козголуп, шаардык төрөт үйүндө жатат.

Эркингүлдүн кайнагасынын айтымында, баласынын чарчаганын апасы уга элек экен.

- Келиндин апасы комада жатат. Атасын да тез жардам чакырып өзүнө келтирдик. Келин төрөт үйүндө жатат. Ага баласынын чарчап калганын угуза элекпиз. Угузсак кандай абалда калат деп коркуп турабыз. Өзүнүн кан басымы улам түшүп кетүүдө. Биздин башыбызга түшкөн иш эч кимдин башына түшпөсүн. Соттордон, укук коргоо органдарынан күнөөкөрдүн адилет жазаланышын сурайбыз.

Жабырланган тараптын айтымында, мас айдоочу кырсык болгон жерде унаасын таштап качып кеткен. Садыктын агасы Ильяз Акунбеков айдоочу машинасын ошол замат артка айдаганда балким наристе жашап калмак беле деп ойлойт.

- Жол чыракта кызыл түс жанып турган учурда бир колунда сыра кармап келатып, жол четинде токтоп турган унааларды койгон. Унааны токтотууга аракет жасаган эмес. Келин менен бала кыпчылып калганын көрүп туруп, машинесин артка айдабай, аларга жардам бербестен качып кеткен. Жанындагы шериги да мас болчу.

"Балам жазасын алсын"

Таң эрте мас абалда унаа айдап, кырсыкка себепчи болгон айдоочу Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шарапат Мажитованын уулу Кубаныч Исманов болуп чыкты. Ал окуя болгон күнү кармалган. Андан соң Ош шаардык соту тарабынан баш коргоо чарасы катары эки айга камакка алынган. Мурдагы депутаттын айтымында, кырсык болгон күнү алардын үйүндө той өтүп жаткан.

Шарапат Мажитова уулуна болушуп атат деген сөздөрдү четке кагып, баласы жазадан качпай турганын айтты.

- Ал мурда, кийин башынан андай иш өтпөгөн үчүн коркуп кетип качыптыр. Качып кайда бармак эле? Мага келди. Мен милицияга салып бердим. "Балам, колуң менен кылганды мойнуң менен тартасың. Бирөө баласын жоготуп отурат. Менин да неберем бар. Ошону элестетип көр" дедим. Менин деле жүрөгүм ооруп атат. Бирок колубуздан эмне келет? Кудай өзү берген пендесин, өзү каалаган убакта алат экен. Эми балам ошого себепчи болуп калды. Ошол күнү үйдө той өтүп жаткан. Мурда иччү эмес. Жакшы, түз жүрчү. Аны каматпай койгонго аркет кылган жокмун.

Ильяз Акунбеков Ошто байлардын балдары кол тийбес макамга ээ деп, анын адилет жаза аларына ишенбей турат. Наристенин өлүмү тартип сакчылары арасындагы паракорлуктун кесепети деп, кырсыкка шаардык МАИ кызматкерлерин да айыптоодо.

- Менин угушумча ал үч күндөн бери мас абалда унаа айдап жүрүптүр. Шаарды ызылдатып жүрсө, МАИлер аны кантип кармабай коюшат? Бул жерде МАИ кызматкерлеринин да шалаакылыгы болгон. Кымбат баалуу машинелерди токтотпойт экен. Токтотсо да акчасын алып коё беришет экен. Деги эле Ошто такыр тартип жок. Каалагандай жүрүшөт. Номуру жок унаалар жайнап жүрөт. Тыйган киши көрүнбөйт.

Көз жумду мамиленин кесепеттери

Тартип сакчылары мас айдоочуларга айыппулдун өлчөмү көбөйгөндүгү жемишин бере баштаганын айтышат. "Бирок кылмыштардын баарын алдын алууга мүмкүн эмес", - дейт Ош шаардык милициясынын маалымат катчысы Замир Сыдыков:

- Ал кылмышка шектүү жаран ошол эле күнү кармалып, кылмышын мойнуна алган. Тергөөчүнүн өтүнүчүн канааттандырып, шаардык сот аны эки айга камакка алды. Ал эми шаардыгы бардык кылмыштарды алдын алуу мүмкүн болбосо керек. Анткени МАИ кызматкерлеринен башка дагы жол күзөт кызматыбыз бар. Алар жолдогу жана коомдук тартипке көзөмөл кылышат. Аларда 10 гана адам бар. Калкы 500 миңден ашып кеткен шаардын коопсуздугун 10 адам менен коргоп калуу мүмкүн болбосо керек. Бирок алар канча кылмыштардын алдын алып жатканы байкалбайт да.

Учурда Ош шаарында 65 МАИ кызматкери жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөйт. Андан сырткары 30 жол күзөтчү милиция кызматкерлери жолдордогу ар кандай кылмыштарды алдын алуу багытында иштешет. Бирок булардын жол боюнда туруп, каалаган унаасын тосуп иштегенин, ошол эле учурда жол эрежесин бузуп жүргөн унааларды байкабай турганын сындагандар көп.

Ошто 2014-жылдын биринчи чейрегинде жол кырсыгынан 4 адам каза болсо, быйылкы жылдын биринчи чейрегинде жол кырсыгынан 12 адам каза болгон.

XS
SM
MD
LG