Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:49

Хоккей: Кыргызстан Индияны ири эсеп менен жеңди


Хоккей боюнча Кыргызстандын улуттук курамасы. 16-апрель, 2015-ж. Бишкек.
Хоккей боюнча Кыргызстандын улуттук курамасы. 16-апрель, 2015-ж. Бишкек.

Ушул күндөрү Кувейтте өтүп жаткан хоккей боюнча “Азия чакырыгы” кубогунун оюндарында Кыргызстан Индия курамасын чоң айырма менен жеңип алды. Эл аралык хоккей федерациясынын расмий сайтындагы маалыматка таянсак 22-апрель күнү болгон оюн 9:1 эсебинде кыргыз хоккейчилеринин пайдасына аяктаган.

Оюндун биринчи бөлүгүндө кыргызстандыктар 3:1 эсебинде алдыга чыгышкан. Кийинки эки айлампада үчтөн шайбаны атаандаштарынын дарбазасына узатып артыкчылыгын бекемдешкен.

"Азия чакырыгы" кубогунун оюндары 18-апрелде башталган. Буга чейин кыргыз хоккейчилери Малайзия курамасын 6:5 эсебинде утуп, Сингапур курамасына 4:2 эсебинде жеңилген. Кийинки беттешинде Оман оюнчуларын 7:3 эсебинде утуп алышкан. Эми алар 24-апрелде 5-турда Кувейт курамасы менен ойнойт. Бул турдагы оюндардан кийин финалда ойной турган командалар аныкталат.

Азырынча 12 упай менен Кувейт курамасы алдыда. Эсебинде 9 упайдан бар Сингапур менен Кыргызстан киргизилген шайбалардын эсеби боюнча экинчи жана үчүнчү катарда жайгашкан. (ECh)

XS
SM
MD
LG