Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:32

Кыргызстанга Польшадан ташылып келаткан алма Орусияда кармалууда


Польшадан Кыргызстанга ташылып келаткан 20 тонна алма Орусиянын Курск облусунда кармалып турат. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Орусиянын бажычылары Польшадан алма жүктөп келаткан жүк ташуучу унааны токтоткон. Андагы 20 тонна алма Кыргызстанга баратканы дайын болгон. Бирок Орусиянын Евробиримдик өлкөлөрүнө киргизген санкцияларынан улам бул алма учурда Курскта кармалып турат.

Крымдын аннексияланышы жана Украинанын чыгышындагы абалдан улам АКШ жана Европа Биримдиги Орусияга карата бир катар санкцияларды киргизген. Ага жооп иретинде Орусия Европа өлкөлөрүнөн азык-түлүк жана жашылча-жемиш сатып алууну токтоткон. (BkA)

XS
SM
MD
LG